Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 16-июнундагы №215 буйругуна ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы тарифтер 2022-жылдын 17-июнунан тартып түзүлөт.
Урматтуу жүргүнчүлөр, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын билеттик кассаларынан Россия, Казакстан, Беларусь боюнча ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттерди алардын ички тарифтери боюнча сатып алсаңыздар болот.
2022-жылдын 3-июнунда “Кыргыз темир жолунун” жетекчилик курамы менен “Коркунуч учуру жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон (жер титирөө) учурларда “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жарандык коргонуу жаатында башкаруучу органдарынын иш-аракеттери” деген темада командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2022-жылдын 17-июнунан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 Бишкек-2 - Рыбачье багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт.