«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» ички темир жол долбоору
Өлкөдө туризм, кооз жаратылыш, таза аба жана башка чексиз мүмкүнчүлүктөр менен, Кыргыз темир жолу, бүгүнкү күндө эң маанилүү максаттардын бири катары экономикалык жана коомдук чөйрөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүнү көздөйт.
«Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече» темир жолун куруу долбоору - жогоруда айтылган концепцияны ишке ашыруу боюнча биринчи кадам болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө аталган долбоор Кара-Кече жылуулук электр станциясы (1,200 мВт жалпы кубаттулугу менен) жана Кара-Кече, Мин-Куш (Ак-Улак тилкеси) күрөң көмүр кенин иштетүү долбоорлору менен кошо Комплекстүү Инвестициялык Долбоорлордун алкагында ишке ашырылат.
Аталган Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жол долбоорунун Техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.
Бул темир жол магистралынын курулушу төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет:
- Кара-Кече көмүр кенинен Бишкек Жылуулук Электр Борборуна жана Чүй облусунун башка аймактарына темир жол аркылуу көмүр ташууну камсыз кылуу;
- Жаратылыш байлыктары жайгашкан аймактарды, ошондой эле темир жол жээгиндеги кен-байлыктарды иштетүүгө жана пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- Транспорттук чыгымдарды азайтуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу келечекте Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу менен биригип, өлкөдө бирдиктүү темир жол түйүнүн түзөт жана экономикалык-социалдык абалды жакшыртууга жол ачат.