«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоору

 «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жол долбоору, Кыргызстандын транспорттук секторундагы ири долбоору болуп саналат. Долбоор өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгун кеңейтип, Түштүк-Батыш жана Чыгыш Азия өлкөлөрү менен Кыргызстанды тыгыз байланыштырат.

 Долбоордун негизги максаты Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда темир жол байланышын бириктирүү болуп эсептелет. Бул багыттагы темир жол гана Экинчи континенталдык транспорттук көпүрөнү салуу эмес, андан башка, Кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторду ачууга салым кошот.

 Жаңы темир жолдорду куруу жана өнүктүрүү – бул Кыргыз Республикасынын транспорт жана темир жол комплексин атаандаштыкка болгон мүмкүнчүлүгүн акырындык менен жогорулатууга карай реалдуу кадам.

 Бүгүнкү күндө аталган темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн Техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алган эң оптималдуу маршрут үч тараптуу кыргыз-кытай-өзбек эксперттик топтун алкагында талкууга алынып чыкты.

Бул темир жол магистралынын курулушу Кыргызстанга төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет: