«Кыргыз темир жолу» жол жүрүү билеттерине жеңилдиктерди жарыялайт.

13 Декабря 2019

Кыргыз-Орус Өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отурумунун протоколун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана “Россия темир жолдору” ААКмунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бишкек-Москва поездинде “Россия темир жолдорунун” тарифине 2020-жылдын биринчи кварталына 25% арзандатуу берилген

Муну менен катар 2020-жылга Казакстан жана Россия темир жолдору менен Кыргыз темир жолунун эл аралык каттамдагы бардык жүргүнчү поезддеринин билеттеринин толук баасына сатылган мөөнөткө жана вагондун категориясына жараша 60%дан 10%га чейин арзандатуу берилген.

Маселен, Бишкектен Москвага чейин плацкарттык вагондо жол жүрүүнүн баасы 7 498 сомдон 14 301 сомго, купе вагондорунда 9 367  сомдон 21 343  сомго чейин.

2019-жылдын 1-ноябрынан тартып, сатуу күнүнөн жана жол жүргөнгө чейин “Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын билеттик кассаларында жол жүрүү документтерин сатуу башталды:

- Белорусия, Казакстан темир жолдорунун ички каттамы боюнча жүргүнчү поезддерге алардын ички тарифи боюнча;
- Россия Федерациясынын аймагы боюнча Россия темир жолдорунун өлкө ичиндеги жана эл аралык каттамдагы жүргүнчү поезддерине Россия темир жолунун ички тарифтери боюнча.

Маселен:
Шу-Нур-Султан-I плацкарт вагонуна 908 сомдон, купе вагонуна 1 258 сомдон
Москва - Волгоград плацкарт вагонуна 1 648 сомдон, купе вагонуна 3 284 сомдон
Минск - Брест плацкарт вагонуна 633 сомдон, купе вагонуна 760 сомдон

Бош орундуктар болгон учурда жана билеттер алдын-ала сатылып алынса.
 

Бардык жаңылыктар