“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Абдыкеримов Канатбек Абдыжапаровичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

30 Декабря 2019

Урматтуу мекендештер! Урматтуу темир жолчулар!

Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2020-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Сапарын карыткан 2019-жыл жалпы кыргыз эли жана темир жолчулар үчүн ооматтуу, жемиштүү жылдардан болду. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында бир топ иш-чаралар ишке ашты. Санарип Кыргызстан - деген чакырык менен Кыргызстан үчүн маанилүү болгон өлкөнү санариптештирүү аракеттери жүрдү. Аталган Концепциянын “Жол картасына” ылайык ишканабыз “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулду. Ошондой эле электрондук документ жүгүртүүгө өтүү, жүк ташуулар боюнча онлайн режимде маалымат алуу жана интернет аркылуу вагондорго арыз берүү маселелери чечилди. Ал эми аймактарды өнүктүрүү максатында темир жолдун түштүк бөлүмүндө инвестициялык долбоорлор, вагон, локомотив паркын жана темир жолун модернизациялоо багытында иш-аракеттер көрүлдү.

Узап бараткан жыл Кыргызстандын темир жолчулары үчүн өзгөчө жыл. Анткени, Кыргыз темир жолунун түптөлгөндүгүнө 95 жыл толуп олтурат. Албетте, бир кылымга тете мезгил ичинде темир жолу ар кандай кырдаалдарды баштан кечирди. Ийгиликтер менен кошо кыйынчылыктар да болду. Бирок, темир жолчулар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бийик максаттарды багынтып, жетишкендиктерге жетише алды.

Алдыда дагы асыл ой-максаттарыбыз көп. Күжүрмөн эмгек менен темир жолчулар ошол иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырат деген ишеничтемин.

Жаңы жылда баарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана темирдей бекем ден-соолук каалаймын. Ылайым эл арасында ынтымак-ырашкерлик орноп, жергебизге кут консун.

Жаңы жылыңыздар менен!

урматым менен,

Канатбек Абдыкеримов   
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору
 

Бардык жаңылыктар