“Темир жолчулар клубу” жаңы жылдык иш-чара өткөрдү

30 Декабря 2019

21-декабрдан тартып, “Темир жолчулар клубунда” жаңы жылдык театрлаштырылган оюз-зоок программасы тартууланууда.

Аяз ата менен аяз кыз балдар үчүн көңүл ачаар программа көргөзүп, майрамдык маанай жаратат. Мындан тышкары буратино, коенек, карышкыр жана түлкү катышкан окуяга күбө болосуздар. Белгилүү мультфильмдерден музыкалар жаңырып, ыр-бийлер көргөзүлүүдө.

Ошондой эле балдарды Аяз атанын жаңы жылдык белектери күтөт.

Иш-чара алдын-ала бекитилген график менен өтүүдө. Ага бардык филиалдар катышууда.

Бардык жаңылыктар