“Локомотив” спорт комплекси кайрымдуулук иш-чара өткөрдү

17 Января 2020

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары жана майып балдар үчүн такай колдоо көргөзүп келет. Бүгүн да “Локомотив” спорт комплексинде ошондой кайрымдуулук иш-чара өттү.

Ишканага Военно-Антоновкадагы Балдар үйүнөн атайын кат келип түшкөн. Анда ошондой колдоого муктаж балдарга муз тебүүгө уруксаат берүү боюнча өтүнүч жазылган. Темир жолдун жетекчилиги катты карап чыгып, атайын токтом менен акысыз муз тебүүгө уруксаат берди. Эми минтип аталган балдар үйүнөн колдоого муктаж болгон 115 бала акысыз муз тээп көңүл ачууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аттарын атабаган Бишкек шаарынын студенттери балдарга суусундук-сендвичтерди жана аскорбинка витаминдерин акысыз таратышты. Ошондой эле балдарды алып келген 4 микроавтобустун ижара акысын төлөп беришти. Алардын айтымында: бул жардамга муктаж балдарга арналган жөн гана кайрымдуулук иш-чарасы.

Ошондой эле Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилиги “Кыргыз темир жолу” ишканасына “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Ошентип, “Локомотив” муз аянтында эки ай ичинде жалпысынан 1200 гө жакын балдар акысыз муз тебишти. Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мындай кайрымдуулук иш-чараларын мындан ары да өткөрүп турат.

Бардык жаңылыктар