Компаниянын расмий сайтындагы Интерактивдүү портал аркылуу жүк ташуу иштери жүзөгө ашырылат.

21 Января 2020

Бул туурасында “Кабар” маалымат агентствосунда өткөн пресс-конференцияда маалыматтык тактоону камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы Сабира Төлбашиева билдирди.

Анын айтымында, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформация Концепциясынын алкагында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы төмөндөгү иш-чараларды аткарды:

- КРнын транспорт жана жол министрлиги тарабынан бекитилген ведомствону санариптештирүү иш-чаралары;
-Компаниянын технологиялык процестерин санариптештирүү, техникалык инфраструктурасын жана программалык иш-чараларын модернизациялоо;

Концепциянын алкагындагы иш-чаралар:
1“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын “Е-кызмат” “Адам ресурстары” маалымат системасын жүзөгө ашыруу.
Аталган маалымат системасы “Кыргыз темир жолу” ишканасында 100%га орнотулган. “Электрондук документ” жүгүртүү автоматташтырылган системасы үчүн аппараттын кадрлар бөлүмү жана башка бөлүмдөрүндө кадрдык курам боюнча маалымат базасы түзүлдү.
2.“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү:
Электрондук документ жүгүртүү автоматташтырылган системасы программанын катышуучуларынын жумуш орундарында орнотулду.
Системаны калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлерди окутуу боюнча “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен макулдашуулар түзүлдү. Ошондой эле ишкана жектечиси жана анын орун басарларынын электрондук-санариптик колдору алынды. Жалпысынан система өндүрүштүк ыкмада пайдаланууга берилди.  

Компаниянын технологиялык прцестерин санариптештирүү боюнча эң чоң жумуш төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:

Компаниянын расмий сайты аркылуу темир жолдогу кызматтарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле Интерактивдүү порталды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу иштери.

Бул багытта www.kjd.kj расмий сайтыбызда учурда атайын Интерактивдик портал иштеп жатат. Ал “Маалыматтык кызмат” бөлүгүндө жайгашкан. Ал жерде биздин кардарлар өздөрүнүн “Жеке кабинети” аркылуу каттоодон өтүп, биздин кызматтардан пайдаланса болот. Ошондой эле “Кыргызстан” коммерциялык банкынын “Мобилдик банкинг” акы төлөө системасы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилген. Демек, кардарлар ишканага келип убара болбой эле, аталган кызматтар аркылуу вагон сатып алып, акысын төлөп, каалаган жерден, каалаган убакта жүктөрдү жөнөтө беришсе болот.

Ошентип, азыр Кыргызстандан үчүнчү мамлекеттер анын ичинде Балтика жана Грузия мамлекеттерине чейин интернет-ресурсу аркылуу арыз берип, экспорттук жүктөрдү жөнөтүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Мындан тышкары биздин сайттагы Интерактивдүү портал аркылуу төрт сандан турган жекече темир жол кодун алса болот. Ошондой эле кардарлар жөнөткөн вагондорун, контейнерлерин кайсыл жерде бара жаткандыгын көрүп, жана анын абалын көзөмөлгө алып, ыкчам маалымат алып турууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Жыйынтыктап айтканда, учурда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында санариптештирүүнүн алкагында кардарлар үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.

 

Бардык жаңылыктар