Рахат Акматованын социалдык түйүндөрдөгү кайрылуусу чындыкка дал келбейт

26 Февраля 2020

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын “Жаштар үйү” жатаканасы ишканада эмгектенген жалгыз бой кызматкерлер үчүн ачылган. Анын өзүнүн жобосу бар жана ал “Темир жол транспорту” жөнүндөгү КРнын мыйзамынын негизинде жана ишкананын Уставына ылайык, 2013-жылы кабыл алынган.

Рахат Акматова учурда жатакананын бир бөлмөсүндө үй-бүлөсү менен жашайт. Ал эми жаткананын жобосуна ылайык, үй-бүлөсү барлар жана 40 жаштан жогорку кызматкерлер жатаканада жашоого уруксаат берилбейт. Ошондой эле кызматкерлер жатаканада балдары менен жашоого да мүмкүн эмес. Бирок, Рахат Акматова өз кезегинде белгисиз себептер менен жатаканага үй-бүлөсү менен кирип алып, ушул күнгө чейин мыйзамсыз жашап келет.

Ошондой эле жатакананын жобосунда белгиленгендей жашап жаткан бөлмөнүн ремонт иштери андагы жашоочулар тарабынан жүргүзүлөт. Ага карабастан Рахат Акматова бардык бөлмөлөр тердеп, көк (плесень) басып каралбай калды деп, социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу жасаган. Рахат Акматованын бул кайрылуусу эч бир чындыкка дал келбейт. Анткени, ишкананын курулуш иштери боюнча адистери бардык бөлмөлөрдү карап чыгып, андай фактыны тапкан эмес. Мындан тышкары Рахат Акматованын бөлмөсүнө келишкенде ал бөлмөгө киргизүүдөн баш тартып, аларды кууп чыккан. Эгерде анын бөлмөсүндөгү дубалдар тердеп, көк (плесень) басса, жаткананын жобосуна ылайык, Рахат Акматова өзү актап-сырдап ремонт жасашы керек болчу.

Мындан тышкары, Рахат Акматова жатакананын башчысына да бир катар нааразычылыктарын билдирген. Бирок, бул факты боюнча да текшерүү жүргүзүлүп, бир дагы тартип бузуу фактысы далилденген жок.

Жыйынтыктап айтканда, Рахат Акматова коомчулукка такталбаган жалган маалымат таратып, темир жолду каралоо аракетин көрүп жатат. Курулуш иштери боюнча адистерге тоскоолдук жаратып, ишканага тиешелүү болгон бөлмөлөргө киргизбей, атайылап абалды оорлотууга  аракет кылууда.

“Жаштар үйү” жатканасында бүгүнкү күндө 51 бөлмө бар. Анда темир жолдун 89 кызматкери жашайт. Алар үчүн ашкана бөлмөсү, жуунуучу бөлмөсү, кир жуучу бөлмөсү жана ажаткана иштеп бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Жатакана бардык талаптарга жооп берет.

 

Бардык жаңылыктар