«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт

20 Марта 2020

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2020- жылдын 23-24-мартында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 107, 108, 109-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 103-чакырымынан тартып, 117-чакырымына чейин, саат 8-00 дөн тартып, 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлот.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар