“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында химиялык жана бактериологиялык коргонуу боюнча атайын топ түзүлдү.

25 Марта 2020

Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р Буйругунун негизинде, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемия катарында жарыяланышынан улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу” мыйзамына ылайык жана “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында коопсуздукту сактоо максатында химиялык жана бактериологиялык коргонуу боюнча атайын топ түзүлдү.

Топтун курамы 10 адамдан турат жана алар “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери. Алардын баары химиялык коргонуу боюнча Л-1 кийими жана ГП-5 газга каршы бет кабы менен камсыз болушкан.

Аталган топту ишкананын жарандык коргонуу иштери боюнча жетектөөчү адиси Советбек Кийизбаев жетектейт.

Топтун баардык мүчөлөрү жекече коргонуу кийимдерин колдонуу боюнча алдын-ала окуулардан өтүштү.

Топтун курамы:
1. Бекбергенов Бакай
2. Ибраимов Азат
3. Исаков Руслан
4. Казыбеков Манас
5. Омурзаков Максат
6. Рахманов Нуржан
7.Тен Евгений
8. Шукурбеков Данияр
9. Тазабеков Искендер
10. Кубатбаев Таалайбек
 

Бардык жаңылыктар