«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасына жаны жетекчи дайындалды

12 Апреля 2020

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 10-апрелиндеги №193-Буйругуна ылайык, Дашков Василий Анатольевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору болуп дайындалды.

Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Бардык жаңылыктар