«Кыргыз темир жолу «Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы аз камсыз болгон 270 үй-бүлөгө жана карылар үй - интернатынын жашоочуларына жардам көрсөттү

24 Апреля 2020

Ошондой эле “Кыргыз темир жолу”Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын Ленин районунун 100дөн ашык үй-бүлөнү биринчи керектүү азык-түлүк азыктары менен катар дары-дармектер жана гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу менен жардам берди.

«Кыргыз темир жолу «Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы аз камсыз болгон 270 үй-бүлөгө жана карылар үй - интернатынын жашоочуларына жардам көрсөттү.


Ошондой эле “Кыргыз темир жолу”Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын Ленин районунун 100дөн ашык үй-бүлөнү биринчи керектүү азык-түлүк азыктары менен катар дары-дармектер жана гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу менен жардам берди.


“ Өткөн жумада  биз Кыргыз темир жолунун пенсионерлери жана эмгек ардагерлерине,  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бардыгы 170  үй-бүлөгө жана карылар үй- интернатынын жашоочуларына жардам көрсөттүк” –деп билдирди бул жөнүндө «Кыргыз темир жолу «Улуттук компания»  мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Кубан Асанбеков.


Ошону менен катар башкы директорунун орун басары айтымында,  «Кыргыз темир жолу «УК» МИсынын темир жол бекеттериндеги жана аянтчаларында жайгашкан вагондордо жана контейнерлердеги сакталган жүктөрдөн алынуучу жыйымдар алынбагандыгын жана туунду төлөмдөр эсептелбегендигин жана ошондой эле жардам иретинде «Кыргыз темир жолу «УК»  МИсынын Кыргызстандын Түштүк бөлүмүндө көмүр экспортоочулары үчүн темир жолу аркылуу ташуунун наркы 30% га арзандаттылганын билдирди.


Маалым кат: Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолу стратегиялык объекти болгондугуна байланыштуу өзүнүн ишин штаттык тартипте күнү-түнү менен жүк ташылуучу поезддер  эл чарбасынын жүктөрүн анын ичинде биринчи керектүү жүктөрдү кабыл алууну жана жеткирүүнү камсыз кылууда.

Бардык жаңылыктар