Балдар - биздин келечегибиз!

1 Июня 2020

Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы.

Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Бул күнү ар бир ата-эне балдарына мээримин жана сүйүүсүн төккөнгө умтулат. Эң башкысы, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.

Кымбаттуу балдар!

Асманыңар ачык, айыңар жарык болсун, күнүңөр көңүлдүү, көңүлүңөр куунак болсун. Ар бир күндү эстен кеткис кызыктуу жана ийгиликтүү өткөргүлө. Силерге узун өмүр, бекем ден соолук, таалайыңар тоодой болсун. Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибизди, өз Мекениңер – биздин Кыргызстанды бекем сүйгүлө!

Майрамыңар менен!

Урматыбыз менен «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы

Бардык жаңылыктар