Кыргыз темир жолу ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

27 Июля 2020

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасынын 2020 – жылдын алты айдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуу көлөмү 3 183 902,6 тоннаны түзүп, 2019-жылдын ушул убакыттагы көрсөткүчүнө карата өсүү – 111,6 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол Министрлигинин  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасы чарбалык субъектилерин  темир жол аркылуу жүк ташуусу өз убагында жана толук көлөмдө  камсыз кылат.

2020-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз темир жолу” УК” МИ жүк ташуу көлөмү  3 183 902,6 тоннаны түздү, б.а. 2019 – жылдын  6 айынын жыйынтыгына салыштырмалуу  330,2 миң тоннага көбүрөөк жүк ташылды. Өсүшү – 111,6 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасы үчүн ушундай кыйын кырдаалда, темир жол аркылуу гуманитардык жүктөрдү ташуу  “Кыргыз темир жолу” УК” МИ” өз эсебинен жүргүзөт.

Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясын жайылтпоонун алдын ала чараларды көрүү максатында, Мамлекеттик чек ара өткөрүү пункттарында, чек арада жайгашкан  “Кыргыз темир жолу” УК” МИ”  темир жол бекеттеринде бардык  жүк ташуучу вагондордо санитардык тазалоо иш чаралары жүргүзүлүп турат.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жана жок кылуудан санитардык коргоо боюнча иш-чаралардын планы жана бекитилген алгоритмдин негизинде ишкананын кызматкерлери өз убагында индивидуалдык коргонуу каражаттары менен камсыз кылынган. “Кыргыз темир жолу” УК” МИ” чектеш аймактарды, унаа жана башка темир жол объектилеринде санитардык дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат.

Белгиленген тартипке ылайык, Улуттук компания күнү-түнү иш жүргүзөт.

Эскертүү:  Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык жагымсыз жагдайга байланыштуу темир жол менен  жүргүнчүлөрдү ташуу учурда убактылуу токтотулган.

Бардык жаңылыктар