Көңүл айтуу

10 Августа 2020

Некролог Усубакунов Абдылда Асанович

Усубакунов Абдылда Асанович

1-январь 1959-жылы туулган.

1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.

     Окуу жайды аяктагандан кийин Усубакунов эмгек жолун "УПТК" No1 Чуйагроспецстройдо улуу инженер болуп баштаган.  1988-2007-жылдары Жаңы-Джарская МПМКсында мастер, прораб болуп иштеген.  Ал эми 2007-2008-жылдары "Кыргыз Темир Жолу " УК" МИде Көпүрө куруу отрядында башкы инженер болуп,"Кыргыз темир жолу" УК"МИнин оңдоо-өндүрүштүк иш-аракеттери жана суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысына чейин иштеген.

     Жакшы кызматы үчүн ал Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.

     Усубакунов Абдылда Асанович өз ишинин профессионалы.  Ал мыкты насаатчы болгон, өзүнүн бай иш тажрыйбасын жана билимин жаш муундарга даярдуулук менен өткөрүп берген.  Өзүнүн милдетин мыкты аткарган.  Ал өзүнө жана башкаларга талаптуу болгон.

     Көп улуттуу Кыргызстан элинин татыктуу уулу, өлкөнүн чыныгы патриоту, чынчыл жаран жана улуу эмгекчи Абдылда Асанович Усубакуновдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

     "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жоготуунун азабы менен кайгысын тең бөлүшөт.

Бардык жаңылыктар