Жүргүнчүлөрдү ташуу дагы эле башталган жок

14 Августа 2020

"Кыргыз темир жолу" УК "мамлекеттик ишканасы дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуунун эл аралык багыттары дагы эле токтоп тургандыгын билдирет.  Ички жүргүнчүлөрдү ташуу Республикалык штаб ишин улантууга уруксат бергенден кийин башталат.


Ошондой эле, коронавирустук инфекциянын сырттан киришинен жана жайылышынан санитардык коргоо боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлүп, иш-аракеттердин белгиленген алгоритмдери туруктуу негизде, "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо, объектилерди, транспорт каражаттарын жана ага чектеш аймакты санитардык дезинфекциялоо.


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы ”мамлекеттик ишканасы чарбалык субъектилердин жүктөрүн темир жол менен ташууну өз убагында жана толук көлөмдө камсыз кылып тургандыгын эсиңиздерге салабыз.
Улуттук компаниянын иши белгиленген тартипте күнү-түнү жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар