«Кыргыз Темир Жолу» УК» МИ коронавирустук инфекцияга каршы коопсуздук чаралары боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат

28 Сентября 2020

«Кыргыз Темир Жолу» УК» МИ Кыргыз Республикасында коронавирус менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу, кызматкерлер менен коопсуздук чаралары боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп, ошондой эле бардык жайларды милдеттүү түрдө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Компания маска режимин, адамдардын ортосундагы аралыкты жана колду дезинфекциялоону дайыма байкап турат.  Кызматкерлерге коронавирустук инфекциянын жайылышы жөнүндө жана зарыл болгон профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт.  Кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттары берилет, бардык филиалдарда антисептиктер ар кимдин колун дарылоо үчүн кире бериш жерлерге орнотулган. Ишканага келгендер маска кийип киришет.  Коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча маалыматтарды камтыган стенддер бардык филиалдарда орнотулган.

Белгилей кетсек, туруктуу негизде “Кыргыз темир жолу” УК" МИнин бардык жабдууларын дезинфекциялоо, желдетүү жана кондиционерлөө тутумун пландан тышкары тазалоо, жүк ташуучу вагондорду жана локомотивдерди дезинфекциялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ стратегиялык объект болгондуктан, күнү-түнү жүк поезддерин кабыл алууну жана жеткирүүнү камсыз кылып, кадимки режимде ишин улантууда.

Кыргыз темир жолу эскертет: жарандык менен мамиле жасап, коопсуздук чараларын унутпаңыз жана коомдук жайларда аралыкты сактаңыз.

Бардык жаңылыктар