Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМК чындыкка туура келбеген маалыматты жана сүрөттөрдү ЖМКга таркатты.

24 Октября 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жарыялаган сүрөттөрдө инвентардык номурлары бар жүк ташуучу вагондор "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИге тиешеси жок.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ нин кызмат адамдары тарабынан далилденбеген кылмыштар жөнүндө "  медиа каражаттарында маалымат тараткан.

     “Кыргыз темир жолу” УК ” МИ басма сөз кызматы билдиргендей, мындай айыптоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап ар тараптуу жана деталдуу текшерүүлөр менен талап кылынат.

     Сиздердин көңүлүңүздөрдү “Кыргыз темир жолу” УК ” МИ тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте эсептен чыгарылган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессинен өткөн жүк ташуучу вагондорду эксплуатациядан чыгарууну жана утилдештирүүнү жүргүзгөндүгүнө бурабыз. Иштен чыгарылган жүк ташуучу вагондор 100% эскирген.

     "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМК ЖМКларда жарыялаган жана жайылтылган сүрөттөрдү ишенимдүү деп эсептебейт.  Сүрөттөрдө инвентардык номурлары бар жүк ташуучу вагондор "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИге тиешеси жок.
Белгилей кетүүчү нерсе, мындай билдирүүлөр менен Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги принциптеринин бири - күнөөсүздүктүн презумпциясы принцибин бузат.

     Өз кезегинде, "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ тергөө иштерине мүмкүн болгон мыйзам бузууларды жана эгерде бар болсо, тиешеси бар адамдарды аныктоого ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр.

     Ошондой эле, дестабилдештирүү максатында, "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ башкы директору Дашков Василий Анатольевич кармалгандыгы жөнүндө жалган маалымат таркатылып жатат.  Жетекчилик башында турган Кыргыз темир жолу кадимки режимде иштеп жатат.

Бардык жаңылыктар