"Дыйкан-Пишпек" соода-базар комплекси өз ишин жандандырып, ата-мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана чакан жана орто бизнести кызматташууга чакырат

7 Декабря 2020

“Дыйкан-Пишпек” соода-базар комплекси Бишкек шаары, Товарная көчөсү 2 (Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши) дарегинде жайгашкан. Тел: +996 (555) 455588


“Кыргыз темир жолу” УК “мамлекеттик ишканасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, калктын жеткиликтүү айыл чарба продукцияларына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле жумуш орундарын түзүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өз продукциясын сатууга көмөктөшүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу С.Н.Жапаров.2020-жылдын 10-октябрь айындагы кайрылуусунан  соң), ушул жылдын декабрь айында “Дыйкан-Пишпек” соода-базар комплексинин ишин жандандыруу пландаштырылып жатканын билдирет.


“Дыйкан-Пишпек” СБК - бул өнүмдөрдү жеткиликтүү баада сатууга шарт түзүүчү, айыл чарба продукцияларын сатуу жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле тамак-аш жана жашылча-жемиштердин дүң, чакан дүң жана чекене соодасын жүргүзүүчү мамлекеттик базар.


  Ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана чакан жана орто бизнести кызматташууга чакырабыз. Учурда соода жана кызмат көрсөтүү үчүн акысыз аянтчалар, ар кандай өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү сактоочу  кампалар бар.

Бардык жаңылыктар