Жол чарбасы боюнча филиалы өзгөчө кырдаалдардагы командалык-штабдык машыгууларды өткөрдү

28 Января 2021

     "Кыргыз темир жолу" УК "мамлекеттик ишканасынын башкы директору тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылган Бишкек шаарынын Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн катышуусунда 2021-жылга карата Жарандык коргонууга даярдык көрүү планына ылайык , 2021-жылдын 28-январында "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ жол чарбасы боюнча филиалында командалык-штабдык машыгуулар (КШМ) өткөрүлдү.

     "Кыргыз темир жолу" УК " МИ Атайын жумуш жана жарандык коргонуу секторунун жетектөөчү адиси Кийизбаев С.Ж. КШМ бардык филиалдарда өткөрүлөрүн айтты.  Вагон чарбасы  филиалында КШМ буга чейин 2021-жылдын 27-январында жүргүзүлгөн.

     КШМ өзгөчө кырдаал болгон учурда филиалдын жетекчилигинин иш-аракеттерин практика жүзүндө камтыган (СДЯВ - төгүлүп күчтүү уулуу заттар):

1. Убагында кабарлоо жүргүзүү.
2. Филиалдарды башкаруу органдарынын уюштурулган иш-аракеттери.
3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же четтетүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу түзүүсүн өз ара аракеттенүү.

     Жол чарбасы боюнча филиалы жеке коргонуу каражаттарын (ГП-5 газ маскасы, Л-1 коргоочу костюм) колдонуу жана пайдалануу боюнча теориялык жана практикалык сабактан ийгиликтүү өттү.

Бардык жаңылыктар