"Кыргыз Темир Жолу" УК" Мамлекеттик ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу боюнча кызматтарды сатып алууга тендер жарыялады

28 Января 2021

     "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясы "мамлекеттик ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча узундугу 186 км темир жол курууну пландаштырууда.

      Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы No221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясына киргизилген.

Бул долбоор,чоң социалдык жана экономикалык мааниге ээ, биринчи кезекте, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү учурунда Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу үчүн, күз-кыш мезгилинде, көмүрдү ташуу үчүн эң аз чыгымдарды жаратуучу жолдун түзүлүшүнө байланыштуу  жана ошондой эле башка эл керектөөчү товарлар менен камсыз кылуу үчүн.

      Темир жолдун курулушу көмүр кени боюнча транспорттук кызматтарды чечүүгө жана ташуунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.  Бүгүнкү күнгө чейин Кара-Кече кенинен көмүр Балыкчы станциясына чейин унаа жолу менен ташылып, андан ары Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу конуштарга темир жол менен ташылат.

      Көмүрдү автоунаа менен ташуу көмүрдүн баасынын олуттуу өсүшүнө жана жолдун катмарынын эрте бузулушуна алып келет, бул узак мөөнөттүү мезгилде темир жол менен ташууга караганда кымбатыраак.

      Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында келечектеги темир жолду өнүктүрүүдө бул тилке өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырат.

      Белгилей кетүүчү нерсе, 1998-жылы иштелип чыккан долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси толугу менен оңдоону талап кылат, анын ичинде учурдагы баанын деңгээлине ылайык чыгымдарды эсептөө, ошондой эле долбоордун экономикалык натыйжалуулугун баалоо үчүн тиешелүү эсептөөлөр.

    Мамлекеттик экспертиза департаментинин маалыматы боюнча, иштелип чыккан долбоордук-сметалык документ эскирген деп эсептелет, анткени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу долбоор жана башка техникалык документтер өз актуалдуулугун 3-5 жылда жоготот.

      Ушуга байланыштуу, “Кыргыз темир жолу” УК ”мамлекеттик ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу боюнча кызматтарды сатып алууга тендер жарыялаган.

Бардык жаңылыктар