Урумчиден (Кытай) 47 контейнери бар биринчи поезд Бишкектеги "Аламүдүн" станциясына экспресс менен келди

8 Февраля 2021

     "Кыргыз Темир Жолу" УК" Мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 8-февралында Урумчиден (Кытай) экспресс менен 47 контейнер салынган биринчи поезд Бишкектеги "Аламүдүн" станциясына келгендигин маалымдайт.  Контейнерлерде акыркы жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жеткирүүдө чоң кыйынчылыктарды башынан кечирген "Дордой" соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана башка ишкерлердин жүктөрү бар.


      Курамды "Кыргыз Темир Жолу" УК" Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тосуп алышты.  Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Кытай айына 1000ге жакын контейнер жеткирип турууга макулдашканын белгиледи.  Ошол учурга чейин темир жол менен мындай мультимодалдык транспорт болгон эмес, кыргыз ишкерлери үчүн чийки зат жана материалдарды ташыган жалгыз поезддер болгон.


      2020-жылдын октябрь айынан бери "Торугарт" жана "Иркештам" өткөрүү пункттарындагы (Нарын жана Ош облустары) эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу ишкерлерге унаа жолу менен бир дагы товар жеткирилген эмес.

Бардык жаңылыктар