«Кыргыз темир жолу» УК Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.А. Дашков бардык темир жол кызматкерлеринин эмгек акысын 5%пайызга көтөрдү

6 Апреля 2021

     "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы "мамлекеттик ишканасынын башкы директору Дашков Василий Анатольевич темир жол кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрдү.

     Пандемиянын шартында азык-түлүккө  жана эң биринчи керектелүүчү товарларга баалар кескин көтөрүлүп, дары-дармектерге баалар жогорулады, жумушсуздардын саны кыйла көбөйдү.Менчигинин түрүнө карабастан, ишканалар экономикалык кризистин мындай шарттарында кыйынчылыктарга туш болушат, бирок “КТЖ” УК ”мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков өтө татаал жана өз кезегинде өтө маанилүү чечимди  кабыл алды.

     Кыргыз Республикасынын темир жол тармагында иштегендерге (алардын саны 5 миңден ашуун) социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында, өзүнүн кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү үчүн, тарифтик ставкалар жана кызматтык маяналар натыйжалуу болуш үчүн 2021-жылдын 1-апрелинен тартып 5% пайызга көбөйткөн.

      

Бардык жаңылыктар