Жүк жүктөө жана жүк түшүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча филиалы өзгөчө кырдаалдардагы командалык-штабдык машыгууларды өткөрдү

2 Апреля 2021


     "Кыргыз темир жолу" УК "мамлекеттик ишканасынын башкы директору тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылган Бишкек шаарынын Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн катышуусунда 2021-жылга карата Жарандык коргонууга даярдык көрүү планына ылайык атайын жумуш жана жарандык коргонуу секторунун жетектөөчү адиси Кийизбаев С.Ж. менен, 2021-жылдын 2-апрелинде "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИ жүк жүктөө жана жүк түшүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча филиалында командалык-штабдык машыгуулар (КШМ) өткөрүлдү.

     КШМ өзгөчө кырдаал болгон учурда филиалдын жетекчилигинин иш-аракеттерин практика жүзүндө камтыган (СДЯВ - төгүлүп күчтүү уулуу заттар):

1. Убагында кабарлоо жүргүзүү.
2. Филиалдарды башкаруу органдарынын уюштурулган иш-аракеттери.
3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же четтетүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу түзүүсүн өз ара аракеттенүү.

    Жүк жүктөө жана жүк түшүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча филиалы  жеке коргонуу каражаттарын (ГП-5 газ маскасы, Л-1 коргоочу костюм) колдонуу жана пайдалануу боюнча теориялык жана практикалык сабактан ийгиликтүү өттү.

Бардык жаңылыктар