Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон темир жолчулардын эстелигине салтанаттуу гүл коюу аземи

8 Мая 2021

      Жеңиш майрам күнүн алдында, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон темир жолчулардын эстелигине салтанаттуу гүл коюу аземи болуп өттү. "Кыргыз Темир Жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле профсоюздардын жана Ардагерлер Кеңешинин кызматкерлери катышышты.

      "Кыргыз Темир Жолу" УК"мамлекеттик ишканасы жыл сайын бул иш-чараны өткөрүп келет жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктайт. Бүгүнкү күндө темир жолдо бир гана Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагери калды - Шералы Дүйшембаев.
Жеңиш үчүн РАХМАТ!

      Эсибизде! Биз сыймыктанабыз!

Бардык жаңылыктар