Темир жолдогу коопсуздук эрежелери боюнча пландалган профилактикалык жана тарбиялык иш-чаралары

19 Мая 2021

    "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Кайыңдыдан Балыкчыга чейинки айыл өкмөттөрүнө, райондук администрацияларына, шаардык администрациялардын өкүлдөрүнө, ошондой эле темир жолдун жанында жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлоруна жана кызматкерлерине профилактикалык жана тарбиялык иш-чараларды жүргүзүштү. (Вознесеновский жана Көк-Мойнок айыл өкмөттөрү, Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондук администрациялар; Токмок, Кемин, Балыкчы Кайыңды, Кара-Балта, Шопоков жана Кант шаарларынын мэриялары).
    Тактап айтканда, катышуучуларга темир жол жолдорунда адамдарды, анын ичинде балдарды көп кездештирүү жана аларды чоңдор көзөмөлдөбөй жаткан учурлар жөнүндө маалымат берилди. Темир жол трассаларында коопсуздук эрежелери жөнүндө калкка маалымат жеткирүү жолдору жана темир жол өтө кооптуу аймак экендиги жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары талкууланды. Ошондой эле, темир жолго жакын жайгашкан мектептердин директорлору менен балдарга туура маалымат берүү жана мектеп окуучулары үчүн темир жол жолдорунда коопсуздук эрежелерин киргизүү ыкмалары талкууланды.
    Мындан тышкары, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасынын тепловоздорунун айдоочу-инструкторлору балдар темир жолдо тынымсыз ойноп гана тим болбостон, тепловоздорго жана жүргүнчү ташуучу поезддерге таш ыргытып, айнектерин сындырып, бул поезддердин кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышты. Ошондой эле алар адамдардын темир жолго болгон этиятсыз мамилесинен, адамдар менен, мал менен жана унаа менен кагылышуу окуяларына алып келгендиктен, алар өз кесибинде алгылыксыз туруктуу стрессти баштан кечирип жаткандыгын баса белгилешти.
Жолугушуулардын жыйынтыгында, катышуучуларга дагы бир жолу темир жол кооптуу аймак болуп саналгандыгы маалымдалды.
    Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана коноктору, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасынын жамааты темир жолдун жанында жүргөндө бардык коопсуздук эрежелерин сактоону чын жүрөктөн суранат.

Бардык жаңылыктар