"Бишкек-1 - Рыбачье" каттамы 18.06.2021 жылы башталат

10 Июня 2021

     "Кыргыз Темир Жолу" УК " Мамлекеттик Ишканасы "Бишкек-1" станциясынан 18.06.2021-жылдан баштап, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү "Бишкек-1 - Рыбачье" каттамы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу No 608/609 поезд дайындалгандыгы жөнүндө билдирет.

     Поезд "Бишкек-1" станциясынан таңкы саат 7де жөнөйт, "Рыбачье" станциясына 11 саат 59 мүнөттө келет. Кайтып келүү ошол эле күнү        "Рыбачье" станциясынан 17 саат 15 мүнөттө чыгып, "Бишкек-1" станциясына 22 саат 03 мүнөттө келет.  Убакыт жергиликтүү.

     "Бишкек-1" станциясынан "Рыбачье" станциясына чейин 5 жашка чейинки балдар үчүн жол акысы акысыз (ар бир чоңойгон жүргүнчүгө бир баладан), 5 жаштан 10 жашка чейин - 34 сом, 10 жаш жана андан чоңдор - 69 сом.

     Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз маска кийип саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган.

     Маалымат алуу үчүн телефон номерлерине чалыңыз:

+996 (312) 92-68- 40
+996 (312) 92-68-54

     Саякатыңыздан рахат алыңыз жана жайкы дем алыш күндөрүңүздү кызыктуу өткөрүңүз!

Бардык жаңылыктар