Темир жолчулардын күнүнүн алдында ишкананын эмгек жамаатын куттукташты

28 Июля 2021

Бүгүн, 28-июлу күнү “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги мекеменин кызматкерлерин келе жаткан темир жолчулардын күнү менен куттуктап, эмгек жамаатка бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана иштерине ийгилик каалап өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын алдыңкы кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар - төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

   Бүгүн, 28-июлу күнү “Кыргыз темир жолу”  УК” мамлекеттик ишканасынын  жетекчилиги мекеменин кызматкерлерин келе жаткан темир жолчулардын күнү менен куттуктап, эмгек жамаатка бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана иштерине ийгилик каалап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын алдыңкы кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар - төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
   Темир жолчулардын күнү - бул темир жол транспортунун жетишкендиктерин жана мекеменин кызматкеринин кесиптик эмгегин даңазалаган майрам. 1936-жылдын 28-июнундагы СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин жарлыгы менен ал Советтер Союзунун Бүткүл союздук темир жол транспорту күнү деп белгиленген. 1940-жылы СССРдин Эл Комиссарлар Кеңеши августтун биринчи жекшембисинде темир жолчулардын күнүн жыл сайын белгилөөнү түзгөн. Быйыл майрам 1-августта туш келет.  Майрам темир жол транспорту мамлекеттик чоң мааниге ээ экендигин, темир жол кызматкерлеринин эмгегинин жогорку маанисин баса белгилейт.

Бардык жаңылыктар