А.Сакиев: "Биздин алдыбызда ишкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чараларды жүзөгө ашыруу милдети турат жана биргеликте иш алып баруу менен алдыга койгон максаттарга жетебиз"

29 Июля 2021

Бүгүн, 29-июль күнү август айынын биринчи жекшембисинде майрамдалуучу темир жол кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Куттуктоо сөзүндө "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев мекеменин эмгек жамаатын жылуу куттуктап, алардын кызматтык милдетин так аткаргандыгы жана өнүгүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

   «Мен темир жол тармагындагы бардык кызматкерлердин жумушка болгон  ак ниеттүүлүгү, чеберчилиги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, көп жылдык эмгек ишмердүүлүгүн темир жолдун калыптанышына жана өнүгүшүнө, темир жолчулардын татыктуу жаш алмаштыруучусун тарбиялоого арнаган ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биздин алдыбызда ишкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чараларды ишке ашыруу милдети турат жана тыгыз иштешүүнүн аркасында биз алдыга койгон максаттарга жетебиз», - деди А.Сакиев.


   Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.


   Темир жолчулардын күнү - бул темир жол транспортунун жетишкендиктерин жана мекеменин кызматкеринин кесиптик эмгегин даңазалаган майрам. 1936-жылдын 28-июнундагы СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин жарлыгы менен ал Советтер Союзунун Бүткүл союздук темир жол транспорту күнү деп белгиленген. 1940-жылы СССРдин Эл Комиссарлар Кеңеши августтун биринчи жекшембисинде темир жолчулардын күнүн жыл сайын белгилөөнү түзгөн. Быйыл майрам 1-августка туш келет.

Бардык жаңылыктар