"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери 12 кг баңгизат салынган мүшөктү табышты

3 Августа 2021

29 –июль күнү "Луговая" станциясынын 21-жолунда "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлешкен күзөт менен камсыздоо филиалынын (ВОХР) аткычтары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу үчүн салмагы 12 кг ашык баңгизат салынган мүшөктү вагонго салууга аракет кылып жаткан жеринен Казакстандын жараны У.Т. кармалды.



"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлешкен күзөт менен камсыздоо филиалынын (ВОХР) маалыматы боюнча,  Казакстандын ИИМнин Транспорт башкармалыгынын Луговая станциясындагы Линейный полиция бөлүмү бул иш боюнча кылмыш ишин козгоду.
Учурда ишкананын жетекчилиги баңгизаттарды тапкандыгы үчүн аткычтарды сыйлоо маселелесин караштырып жатат.

Бардык жаңылыктар