Башкы директор А.Сакиев "Дыйкан" базарынын абалы менен таанышты

11 Августа 2021

Бүгүн, 11-августу күнү "Кыргыз темир жолу" УК МИ башкы директору Азамат Сакиев "Дыйкан" базарынын ачылышына байланыштуу даярдыкты жеринен текшерди.



  Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын жетекчиси А.Сакиев тиешелүү жооптуу адамдарга айрым кемчиликтерди жойууну, ижарачылардын да, базарга келгендердин да коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.


  Кошумчалай кетсек, “Пишпек” бекети аймагындагы "Дыйкан" базары жакынкы күндөрү расмий ачылып, иштей баштайт. Бул жерден жашылча, жер жемиштерди дүң жана чекене баада сатып алууга болот.


  Маалымат үчүн: “Дыйкан” базары "Кыргыз темир жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын  балансында турат.

Бардык жаңылыктар