"Кыргыз темир жолунда" кызматкерлер сыйланышты - алар баңгизат табышкан

12 Августа 2021

Бүгүн, 12-август күнү "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев баңгизатты тапкан аткычтарга ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык тапшырды.



  Эскерте кетсек, июль айында "Луговая" станциясынын 21-жолунда "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлешкен күзөт менен камсыздоо филиалынын (ВОХР) аткычтары тарабынан баңгизат салынган мүшөк табышкан.


  Компаниянын башчысы А.Сакиев аткычтардын кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана чың ден соолук каалап өттү.

Бардык жаңылыктар