"Кыргыз темир жолунун" кызматкерлери XX Эл аралык Ысык-Көл оюндарынан 50 медаль утуп алышты

16 Сентября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин 14 кызматкери XX Эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышып, жалпысынан 50 медаль утуп алышты. Алар спорттук оюндардын 12 түрү боюнча - жеңил атлетика, сууда сүзүү, армрестлинг, пляждык футбол жана башкаларга катышышты. Оюндардын жыйынтыгында компаниянын командасы 50 медалга ээ болду, анын 11и алтын, 6сы күмүш, 33ү коло.

  15-сентябрь күнү "Кыргыз темир жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев компаниянын курама командасын куттуктап, утуп алган сыйлыктары үчүн ыраазычылыгын айтып, калоо-тилектерин билдирди.


  «Сиздердин спорттук иш-чарага жигердүү катышып, физикалык даярдыкты мыкты деңгээлде көрсөткөнүңөр жана эрктүүлүгүңөрдүн натыйжасында алдыңкы орундарды алдыңыздар. Бул жетишкендик менен сыймыктанабыз. Сергек жашоого үлгү болгонуңуздар кубандырат», - деди ал.


  Кошумчалай кетсек, спорттук оюнчуларга акчалай сыйлык берилет.


  Эске салсак, XX Эл аралык Ысык-Көл оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында "Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы" деген ураан астында өткөн. Аларга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, анын ичинде ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнн спортчулары катышты.


“Кыргыз темир жолу” УК” МИ сергек жашоого чакырат.

Бардык жаңылыктар