Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

24 Сентября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК ” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 27-сентябрынан 1-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында, (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт. Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.

  Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым -жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09: 00дөн 15: 00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.


  Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар