"Кыргыз темир жолунун" башкы директору бекеттерди текшерүүдө

24 Сентября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК" МИнин башкы директору Азамат Сакиев жетекчилик кылган комиссия темир жол бекеттеринин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

  Кыргыз темир жолунда күз-кышка карата кароо комиссия ар бир станциянын имараттарындын абалы, кышка карата даярдыктарын текшерүүдө. Маселен,  рельсттин кыйшайуусу, анын чөгүп кетүүсү, рельсттин ортолорундагы аралыктардын бирдей болушу, шпалдардын  абалдары каралат. 

  Темир жолдогу станциялардын дээрлик баардыгы көмүр отуну менен жылытылат. Андыктан жакын арада ар бир станцияга вагондор менен тиешелүү өлчөмдө көмүр жеткирилип берилет.

  Пландуу күз-кышка карата кароонун жыйынтыгында станциялардын кышка карата даярдыктары жетишээрлик деңгээлде. Компаниянын директору тиешелүү жетекчилерге айрым маселелерди жеринде чечүү тапшырмаларын берди.

  Күз-кышкы текшерүү комиссиянын курамына  ишкананын түзүмдүк болүмдөрүнүн жооптуу жетекчилери кирет. Иш-чара 23-сентябрдан 24-сентябрга чейин Рыбачье, Кант, Токмок жана башка станцияларда өткөрүлөт. Ушундай эле текшерүү ушул жылдын октябрь айында өлкөнүн түштүгүндө жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар