"Кыргыз темир жолунун" кызматкери жарым марафондо биринчи орунду жеңип алды

27 Сентября 2021

Момуналиев Бакыт ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафонунда 14 км аралыкта 1-орунду ээледи. Иш-чара ушул жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

  "Кыргыз темир жолу" УК” Мамлекеттик ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк иштер жана суу менен камсыздоо башкармалыгында  шыбакчы болуп иштейт. Ал сырдоо, ишкананын имараттарын шыбоо жана башка жумуштар  менен алектенет. Өзү айткандай, бала кезинен бери алыска чуркоону жакшы көрчү.

  Б.Момуналиев буга чейин 19-сентябрда өткөн ошол эле иш-чарага катышып, экинчи орунду алган.

  "Бош убактымда чуркаганга аракет кылам, бул мага сергек болууга жардам берет", - деди ал.

Бардык жаңылыктар