4-8-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

30 Сентября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 4-октябрынан 8-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында, (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

  Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

  Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

  Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар