Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

29 Октября 2021

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 1-ноябрынан 5-ноябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жумуштар КР ИИМ ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым -жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар