“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

10 Ноября 2021

Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды.

«Бүгүн Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы,  2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», - деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин ("Балыкчы" станциясынан  148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;
- 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин - 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);
- темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.

Иш-чара “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында аткарылууда.

Бардык жаңылыктар