«Нацпромлизинг» ЖЧКсы, РКФР жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

12 Ноября 2021

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо, локомотивдерди, вагондорду, адистештирилген жабдууларды жана программалык камсыздоону жеткирүү, ошондой эле лизингдик операцияларды каржылоо жаатында кызматташууну түзүү максатында 2021-жылдын 10-ноябрында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Улуттук лизинг корпорациясынын («Нацпромлизинг» ЖЧКсы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жүктөрүн темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында «Кыргыз темир жолу» өз каражаттарынын эсебинен «Алтай Вагон» ААКнан 100даана жарты вагондорун сатып алууда. 2021-жылдын аягына чейин 50 даана жарты вагондорун, калган 50 даана вагондорун  2022-жылдын биринчи кварталында келүүсү күтүлөт.

Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» өздүк каражаттарынын эсебинен 20 км темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна темир рельстерин сатып алган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148-разъезд менен Кыямат – Курколдун ортосундагы тилкеден башталат.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулоо үчүн Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКнын делегациясынын Кыргыз Республикасындагы иш сапары аяктады. Биргелешкен иштин жыйынтыгы боюнча долбоорлорду мындан ары илгерилетүү жана практикалык ишке ашыруу үчүн техникалык чечимди жана каржылык эсепти даярдоо пландаштырылууда.

Бардык жаңылыктар