«Локомотив» спорт комплексинде муз тебүү аянтчасы ачылды

22 Ноября 2021

Бүгүн, 22-ноябрында «Локомотив» спорттук ден соолукту чыңдоочу комплексинде муз аянтчасынын кыш мезгилине карата салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул иш-чарага «Кыргыз темир жолу"УК”МИ жетекилиги, аянтчанын ачылышын чыдамсыздык менен күткөн балдар жана ата-энелер катышты.

Салтанаттуу иш–чаранын жүрүшүндө  ишкананын башкы директору Азамат Сакиев катышуучуларды жылуу куттуктап, бардыгына чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү.

Иш-чара концерттик номерлер менен коштолуп, “Локомотив” хоккей тобу муз аянтчасында өзүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар ачык.

Муз үстүндө жалпы аянты 1122 кв.м. түзөт, бир эле учурда 150 адамды батыра алат,  850дөн ашык орундукту камтыйт. Спорт комплексинин негизги милдети – темир жол кызматкерлеринин гана эмес, бардык каалоочу жарандардын эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоого колдоо көрсөтүү саналат.

Дареги:Бишкек ш. Осмонова, 1 көч.
тел. 0312-92-74-00

Бардык жаңылыктар