Темир жолдун аскерлештирилген күзөтүнө 100 жыл толду

10 Декабря 2021

9-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз темир жолунун Аскерлештирилген күзөтүнө түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, аскерлештирилген күзөттүн эмгек жамааты, ардагерлер, Кыргыз Республикасынын темир жол жана транспорт куруучулар профсоюзунун, темир жол кызматкерлеринин профсоюзунун төрагалары катышты.

Ишкананын башкы директору Сакиев Азамат  аскерлештирилген күзөттүн кызматкерлерин жана ардагерлерин юбилейлик күнү менен куттуктап, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана төш белгилер менен сыйланышты.

Бардык жаңылыктар