“Мыкты дарбазачы” Белекова Акылай, ал эми “Мыкты чабуулчу” - Нуралиев Адилет

16 Декабря 2021

Бул тууралуу “Локомотив” спорт-чыңдоочу комплексинин директору Айбек Арсымбаев маалымдады.

2021-жылдын 29-30 ноябрь күндөрү Нарын шаарынын  мэринин хоккей боюнча Кубогу болуп өткөн. Спорттук оюндун жүрүшүндө “Локомотив”  спорт чыңдоочу комплексинин курама командасы катышып, 2012-жылкылар арасында 2-орунду, ал эми 2007-жылкылар арасында 3-орунду ээлешти.

Мындан тышкары 2012-жылкылар арасында "Мыкты дарбазачы "болуп Белекова Акылай номинациясын жеңип алса,  2007- жылкылар арасында "Мыкты чабуулчу" болуп Нуралиев Адилет табылды.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 16 команда катышкан.

Бардык жаңылыктар