3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду

19 Января 2022

Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан рельстерде бир катар ар кандай оңдоо иштери мерчемделип, жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу ишкананын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.

Мисалы, өткөн жылы темир жолдо күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кант-Ивановка тилкесинин 3811 чм, 3817 чм, 3818 чм, 3819 чм Фоссло бекиткичтери менен эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарына алмаштырылган. Аткарылган жумуш 3,5 чм аралыкты камтыган.

Эске салсак, 2021-жылы «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 000 даана темир-бетон шпалдарын сатып алган.

Маалымат үчүн:
Жолдун үстүнкү конструкциясын жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген.  Бул чечим жол инфраструктурасын иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бардык жаңылыктар