Кыргызстанга жүк ташуучу жарты вагондордун кезектеги партиясы келди

19 Января 2022

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

2022-жылдын январында 10 даанадан турган жарты вагондордун кезектеги  партиясы келди, ал эми февраль айында дагы 30 жарты вагондордун келиши күтүлүүдө. Жалпысынан компания «Алтайвагон» ААКдан 100 даана жарты вагон  сатып алган.

«Жүк ташуучу жарты вагондорду алуу менен  кыргыз темир жолунун кыймылдуу составын жаңыртууга жана чарбалык субъекттердин темир жол транспорту менен керектөөлөрүнүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Вагондор компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен алынды», - деп белгиледи А.Сакиев.

Эске салсак, 2021-жылдын декабрында «Алтайвагон» ААКдан 10 даанадан турган жарты вагондордун биринчи партиясы келген.

Бардык жаңылыктар