Өрткө каршы тактикалык машыгуу: өрт өчүрүүчү поезди тартылды

25 Февраля 2022

Бүгүн, 25-февраль күнү борбор калаанын четинде жайгашкан мунай базасынын аймагында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Объект темир жолго жакын жайгашкандыктан, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын өрт өчүрүүчү поезди тартылган.

«Өрт өчүрүүчү поездинин уникалдуулугу - өрт чыккан жерге 120 тонна суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар, ар бир цистернада 60 тоннадан суу толтурулган. Машыгууда биздин өрт өчүрүүчүлөрүбүз ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү менен биргеликте тилсиз жоо менен алпурушууга киришти» - деди «Бишкек-1» станциясынын башчысы Чыңгызбек Талипов.

Өрткө каршы тактикалык машыгуунун негизги максаты - тез күйүүчү жана күйүүчү материалдарды сактоо менен байланышкан объектилерде өзгөчө кырдаалдар, тагыраагы  өрт чыккан учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн бышыктоо саналат.

Өрттүн башка объекттерге (турак жайларга, имараттарга) жайылышын токтотуу, материалдык зыянды азайтуу, жабырлануучуларды жана жабыркагандарды болтурбоо, алдын алуу - тартылган авариялык-куткаруу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн ыкчамдыгына жана ырааттуулугуна көз каранды.

Бардык жаңылыктар