Кыргызстанга жүк ташуучу жарым вагондордун жана жаңы рельстердин кезектеги партиясы келди

9 Марта 2022

Бүгүн, 9-март күнү 30 даана жүк ташуучу жарым вагондор жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельстер келди. Бул кезектеги баалулуктардын партиясы экенин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, өткөн жылы ишкана өз каражаттарынын эсебинен 100 даана жарым вагондорду, 20 км жаңы рельстерди сатып алган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 50 даана  жарым вагон, 11 км Р65 тибиндеги рельс келген.

Жүк ташуучу жарым вагон атмосфералык жаан-чачындан коргоону талап кылбаган жүктөрдү, мисалы, борпоң, кесек, даана жүктөрдү, курулуш материалдарын, металл конструкцияларын ж.б ташыйт.

Р65 тибиндеги рельстин 1 метринин салмагы 65 кг түзөт, ал P43, P50 типтердеги рельстин түрүнө караганда бышыгыраак келет. Рельстердин кезектеги партиялары келген сайын, эски рельстерди жаңысына алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар