КТЖ жетекчилиги Жалпы россиялык “Кыргыз конгрессинин” президенти Кубанычбек Кожоевге ыраазычылык билдирди

10 Марта 2022

Бүгүн, 10-март күнү «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев Жалпы россиялык “Кыргыз конгрессинин” коомдук уюмунун Президенти Кубанычбек Кожоевге ыраазычылык билдирди.

Ыраазычылык  бир нече миң эмгек мигранттарын темир жол адистигин алууга  жана аларды Орусия темир жолу (РЖД) системасында жумуш менен камсыздоодо көмөк көрсөткөндүгү үчүн билдирилди.

"Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасында биздин мекендештерибиз темир жол тармагында иштеп, тажрыйба алып жүргөнү бизди кубандырат. Адистердин топтогон тажрыйбалары, келечекте өз  мамлекетинин темир жолун куруусуна пайдасы тийет деген үмүттөмүн", - деди Сакиев.

Кошумчалай кетсек, темиржолчуларды окутуу Бишкек шаарында жайгашкан №97 темир жол кесиптик лицейинин базасында жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар