«Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат

23 Марта 2022

Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат.

Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
- жерди казуу жана алып салуу;
- шагыл менен кайра толтуруу;
- дренаждык жумуштар;
- темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдары жайгаштыруу;
- жебе котормосун жайгаштыруу.

Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан «Балыкчы - Кочкор -Кара-Кече» (186 км) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушун камтыйт.

Бардык жаңылыктар